12:24
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жергиликтүү элдин нааразычылыгынан акиташ кени чыгуучу жердин баасы төмөндөдү

Жергиликтүү элдин нааразычылыгынан улам, Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусундагы Караойсай акиташ кени чыгуучу жердин баасын төмөндөтүүгө аргасыз болду.

Аталган комитеттин сайтында, «Восточный» участогу кайрадан аукционго коюлгандыгы жазылган. Лицензиянын баштапкы баасы 3,7 миң долларды түздү.

Буга чейин аталган участоктун баштапкы баасы 20,4 миң долларды түзгөн. Бирок, жергиликтүү тургундардын тоскоолдук кылып, аукцион үзгүлтүккө учураган. 

Эң көп окулган жаңылыктар