17:33
USD 87.00
EUR 89.77
RUB 0.79

Нарында калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылды

Нарын облусунда калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылып, калганы изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районунда, 23-май күнү саат 20:00 чамасында калың жааган кардын кесепетинен, Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосунда Рысбек уулу Т. аттуу чабандын 800 баш кой-эчкилери ар-тарапка бөлүнүп, жоголгон. Кечээ күнү чабан болжолу менен 200дөй кой-эчкисин таап, чогултту.

Учурда калган малы изделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар