17:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чүй облусунун прокурору пара алгандыгы үчүн, 3 миллион сомдон ашуун айып төлөйт

Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбековго пара алгандыгы үчүн 3 миллион 300 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук сотунун судьясы ушундай чечим чыгарды. Ал эми окуяга тийиштиги бар делип, облустук прокуратуранын бөлүм прокурору Таир Жумабековго 4 миллион 100 миң, тергөөчү Айбек Рыспаевге 4 миллион 50 миң сом айып пул салынды.

Эске салсак, Чүй облусунун прокурору 2016-жылы кылмыш ишине катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар