03:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто айрым кичи автобустардын каттамы өзгөрдү

Ошто айрым кичи автобустардын каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Маалыматка караганда, 28-майдан тарта үч маршруткалардын багыты өзгөрөт:

-№ 141- маршруттук каттамынын жүрүү схемасы Амир-Темур кичи шаарчасынан келип, Ж.Райымбеков (Борбордук базар) көчөсү менен Кара-Суу көчөсү аркылуу Монуев көчөсүнө Амир-Темур кичи шаарчасына бет алат.

-№ 142- маршруттук каттамынын жүрүүсү Аэропорттон Курманжан-Датка көчөсү аркылуу Ломоносов көчөсүнө кайрылып, (Борбордук Стадион) Ленин көчөсү менен кайра Аэропортту көздөй бара турган болуп өзгөрөт.

-№ 107- маршруттук каттамы мындан ары Достук чегарасына барбайт, акыркы аялдама Авиашаарча болуп өзгөрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар