19:11
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.86

Тажикстан ТИМ башчысы орусча фамилиясын тажикчеге өзгөрттү

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов орусчалашкан фамилиясын расмий түрдө өзгөрттү. Эми анын аты-жөнү документтерде «Сирожиддин Мухриддин» деп жазылат. Бул тууралуу тажик ТИМи кабарлады.

Жергиликтүү ММКлар министрликке шилтеме кылуу менен Аслов фамилиясын өзгөртүү ишин былтыр эле баштаганын, бирок убактысы аз болуп, түрдүү иш-чараларга көп катышкандактан документин эми гана алууга мүмкүн болгонун жазышууда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон фамилиясынын «ов» деген бөлүгүнөн 2007-жылы баш тарткан. Анда президенттин артынан бир канча мамлекеттик кызматкер орусча фамилиясын тажикчеге өзгөрткөн болчу.

2016-жылы апрелде өлкөнүн тажик улутундагы калкына документтерде орусчалашкан фамилияларды колдонууга расмий тыюу салынып, «ов», «ова», «ович» жана «овна» деп аяктаган фамилияларды каттоо токтотулган. Жаңы мыйзам боюнча фамилиялар тажикче «зод», «зода», «й», «иён» жана «фар» деген сөздөр менен аякташы керек. Ошондой эле мыйзамдын алкагында тажик ысымдарынын бирдиктүү реестри дагы иштелип чыккан.

Кыргызстанда Кореядагы элчи Кылычбек Султан дагы «ов» деген бөлүгүн алып салгандыгы маалым.

Эң көп окулган жаңылыктар