Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы Талас облусуна караштуу Чуңкур өтмөгүнүн аймагынан курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1942-жылы чыгарылган Мосин жана мергенчи (16 мм. сайсыз мылтык) мылтыктары капка оролгон бойдон тоо-таштуу капчыгайдан табылды.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, мылтыктар ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.