06:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

И. Арабаев университетинин окутуучулары ШКУнун жаштар форумуна катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары Шанхай кызматташтык уюмунун Белгород шаарында өтүп жаткан III Жаштар форумуна катышып жатат.

Кечээ ишин баштаган форум 25-майга чейин уланат. Ага 7 өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттери, магистрлары, аспиранттары, окутуучулары жана ректорлору катышууда.

«Кыргызстандын университеттеринин ичинен И. Арабаев атындагы КМУнун эки окутуучу гана катышып жатабыз. Университеттин ректору тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахмановдун колдоосу менен келдик. Бул жерде тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Андан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр ортосунда автордук укукту башкаруу, билим алмашуу жаатында санариптүү платформаны ишке киргизүү, билим берүү тутумун интеграциялоо жана студенттердин социомаданий алакасы жөнүндө талкуулар жүрөт» — дейт И. Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу Назгүл Масалиева.

Форум соңунда ШКУнун аллеясынын ачылышы болот.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия жана Пакистан кирет. Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия байкоочу өлкөлөр болуп саналат. Уюмдун кезектеги саммити июнь айында Кытайдын Циндао шаарында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума