Чүй облусунда белгисиз айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кетти. Кырсыктын кесепетинен Кашка-Баш айылынын 40 жаштагы А.М. аттуу жараны каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Жол кырсыгы 21-майда, түнкү саат 3:00дө катталган. Унаа Бишкек-Күн-Туу жолу менен жүрүп бара жаткан. Кырсыкта алган жаракатынан улам, жүргүнчү окуя болгон жерде каза болду.
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, окуянын чоо-жайын билгендерге жана кокустан күбө болгондорго