13:01
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жакынкы айларда күйүүчү майдын чекене баасы 5-10 пайызга көтөрүлүшү күтүлүүдө

Жакынкы айларда күйүүчү майдын чекене баасы түрүнө жараша 5-10 пайызга көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыл башынан бери өлкө аймагына 325,8 миң тонна мунай заттары импорттолгон. (Анын ичинен 160,6 миң тонна бензин жана 165,2 миң тонна дизелдик күйүүчү май). Орто эсеп менен бензин 0, 75 сомго, ал эми дизелдик күйүүчү май 2 сомго кымбаттаган.

Эске салсак, баалардын кымбатташы- мунайзаттын дүйнөлүк баасынын өсүшүнө байланыштуу. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби