11:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстанда Кыргызстандын 113 миң жараны иштейт

Казакстанда Кыргызстандын 113 миң жараны иштейт. Бул тууралуу Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын саны 6,3 млн кишини түзөт. Республиканын калкынын бир бөлүгү эмгек мигранттарынан келип жаткан акчанын эсебинен жан багууда.

«Расмий билдирүүгө караганда, 1 миллионго жакын жарандарыбыз эмгек миграциясында жүрүшөт. Орусияда- 600 миң, Казакстанда-113 миң, Түркияда-30 миңге жакын», — дейт Жээнбек Осмоналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар