09:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Атамбаев «Zanoza.kg» сайтына карата материалдык арызынан баш тартты

Кыргызстандын экс-президенти жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев журналисттер Нарын Айыпка, Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата бергенберген доо арызынын материалдык бөлүгүнөн баш тарат. Бул тууралуу партиянын катчылыгы билдирди.

«Акыркы жылдары Кыргызстандын маалымдоо каражаттарындагы позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка, Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата берген материалдык доо арызымды кайтарып алууга үндөдү», — деп жооп кайтарган Алмазбек Атамбаев Медиа полис институтунун жетекчиси Бегаим Үсөнованын жана «Интерньюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулованын кайрылуусуна.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 20-апрелинде ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беделин коргоо максатында "Zanoza.kg" сайтынын эки негиздөөчүсүн жана укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берген. Мындай дооматка сайтка жарыяланган, Атамбаевди сындаган материал себеп болгон.

Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума