Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев дагы эле Сооронбай Жээнбеков убадалаган Кыргыз эл баатыры сыйлыгын ала элек. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан жана президенттин аппаратынан дагы ырасташты.
Акүйдүн билдирүүсүндө, азырынча Алмазбек Атамбаевге сыйлыкты тапшыруу боюнча буйрук боло элек.
«Адатта мындай сыйлыктар салтанаттуу жерде тапшырылат. Сыйлык азырынча бизде турат» — дейт алар.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков инаугурацияда Алмазбек Атамбаев жогорку сыйлыкка татыктуу экенин айтып, биринчи буйругу менен «Кыргыз Республиканын баатыры» жана «Ак-Шумкар» орденин убадалаган.
27-ноябрда мурдакы мамлекет башчысына сыйлык ыйгаруу буйругу чыгарылган. Бирок көп өтпөй ортодо ажырым жаралып, учурда лидерлер ортосунда тирешүү бар.