13:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик ишмер Абибулла Абдугапаров дүйнө салды

73 жаш курагында коомдук жана мамлекеттик ишмер Абибулла Абдугапаров дүйнөдөн кайтты. Анын үй-бүлөсүнө президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана парламенттин депутаттары көңүл айтышат.

Юстициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары Абибулла Абдугапаров 1945-жылы 15-майда Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал эмгек таржымалын жөнөкөй жумушчудан баштап, өлкөнүн прокуратура тармагындагы эң бийик кызматка чейин көтөрүлгөн.

1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин юрист катары эмгек жолун Таш-Көмур шаардык прокуратурасында стажер катары баштаган. 1971-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп бүтүп, кайрадан Араван райондук прокуратурада тергөөчү болуп иштейт.

Жаш юрист катары өз кызматына берилип иштеп, бат эле кызматтык баскычтарга көтөрүлөт. Ош облустук прокуратуранын ага тергөөчүсү, Жаңы-Жол районунун прокурору, Жалал-Абад шаарынын прокурору кызматын аркалайт. 1983-1985-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунда инструктор болуп иштеп, областтык укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат.

Партиялык кызматтан кийин Ош облусунун Ленин, Ноокат райондорунун прокурору, Ош облусунун прокурорунун орун басары, Жалал-Абад облусунун прокурору кызматтарында иштейт. Абибулла Абдугапаров кийинки жылдары Ысык-Ата, Аламүдүн, Жайыл райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында прокурордук кызматты аткарат.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коопсуздук жана коргоону бөлүмүнун башчысы болуп эмгектенет.

«Абибулла Абдугапаровдун өлкөнүн прокуратура жана укук коргоо органдарында көп жылдык эмгеги жогору бааланып, юстициянын генерал-майору наамына, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын бир нече сыйлыктарына татыктуу болгон» — деп айтылат көңүл айтууда.

Эң көп окулган жаңылыктар