Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17- майда, саат 16:45 чамасында, куткаруучулар Фатьянов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринин эшигин ачышкан. Үйдүн ичинен 1959-жылы туулган Г.Э. аттуу кишинин жансыз денеси табылган. Сөөк соттук-экспертиза жүргүзүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.