6-12 — августта Кыргызстанда жаштардын «Жаш-Булак» форум-лагери өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Дене-тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.
Аталган жаштар форму 2016-жылдан бери уюштурулуп келет.
Пархановдун айтымында, учурда донорлорду табуу аракети көрүлүп жатат.
2017-жылы лагерь Кыргызстандын ар аймагында жашаган 600 жаштардын башын бириктирген. Андан тышкары алыскы жана жакында 20 мамлекеттин өкүлдөрү келип катышкан. Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү эксперттер, Жогорку Кеңештин төрагасы, Улуттук банктын жетекчиси жана юстиция министри өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн.
Быйыл лагерь Чүйдүн Жарлы—Кайыңды үңкүрүндө өтөт.