12:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жүрөктөн жүрөккө. Карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси өтөт

18- майда Бишкекте «Жүрөктөн жүрөккө» аттуу карылардын колунан жаралган буюмдардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке Эркиндик бульвары менен Пушкин көчөсүнүн кесилишине уюштурулат. Иш чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин болот. Ага Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө жашаган карылар колдорунан жаралган буюмдарын алып чыгат.

Андан тышкары, шахмат турнири өткөрүлүп, лотерея ойнотушуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс болот.

Эң көп окулган жаңылыктар