08:59
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Түркияга башка паспорт менен учуп кетмекчи болгон жаран кармалды

Түркияга башка паспорт менен учуп кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны «Манас» аба майданынан кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Э.Т. аттуу жаран тууганына тиешелүү паспорт менен Түркияга учуп кетүүгө аракет кылган. Ал чет өлкөгө иш издеп бара жатканын жана өзүнүн паспорту жоголуп кеткендигин айтууда.

Учурда кармалган жаран Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар