18:23
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ош шаарында чайкана, үй жана дүкөн өрттөнүп кетти

Ош шаарында чайкана, үй жана дүкөн өрттөнүп кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, саат 21:00 чамасында Ош шаарынын «Фуркат» кичи районунда катталган.

«Өрт үч саат аралыгында өчүрүлдү. 23.58 чамасында толук чектөөгө алынды. Кырсык катталган жерде 5 өрт бригадасы иштеди. Бардыгы болуп чайкананын 40 чарчы метр жери күйүп кеткен. Ал эми үй менен дүкөндүн 136 чарчы метр жерин тилсиз жоо жок кылган», — деди ӨКМ.

Эң көп окулган жаңылыктар