06:37
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жээнбековду Сочиде калаа башчысы Анатолий Пахомов тосуп алды

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысын аэропортто Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев тосуп алышты.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.

Ошондой Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.

Эң көп окулган жаңылыктар