14:36
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларга жетти

31-мартка карата Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызынын өлчөмү 4 миллиард 425,65 миллион долларды, же 302 миллиард 858,53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы карыздын ичинен мамлекеттик тышкы карыз 3 миллиард 889 миллион долларды, же 266 миллиард 818,11 миллион сомду түзөт.

Ал эми ички карыз 526,66 миллион долларга, же 36 миллиард 40,42 миллион сомго жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар