22:03
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Изник шаарында курман болгон кыргыз баатырларынын арбактарына куран окутулду

Кыргызстан достук жана маданият коому Түркиядагы Изник шаарынын чебин алууда курман болгон кыргыз баатырларынын арбактарына багыштап куран окутту. Бул тууралуу TRT билдирет.

Алардын маалыматында, мал союулуп, баатырлардын арбактарына багышталып куран окулуп, улуттук оюндарыбыз ойнолду.

Изник шаарчасында «Кыргыздар күмбөзү» бар. Тарыхый маалыматтарга караганда, Анадолуда жашаган башка бийликтерге каршы согуш болуп, Изник чебин алууга кыргыздар да катышат. Кыргыз жоокерлеринин түрк элине жасаган эрдиктерин унутпаш үчүн Орхан Гази тарабынан күмбөз курдурулат. Биринчи күмбөздү «Жети бир туугандар» деп аташат, андан кийин «Кыргыздар күмбөзү» деп аталып калган.

Кыргызстан достук жана маданият коому сегиз жылдан бери Изник шаарында Стамбул, Анкара шаарлары баш болгон Түркиянын жалпысындагы мекендештердин башын бириктирип, куран окутууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби