Баткенде томография кызматы көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Облуста магниттик резонанстык томография аппараты жок болгондуктан бейтаптар буга чейин Ош жана Бишкек шаарына же болбосо коңшу Тажикстандын аймагына барышчу.
«Элдин көптөн күткөн ой тилеги ишке ашып, эми баткендиктер ашыкча каражат жана убакыт коротуп алыска барышпайт. Мекеменин ачылышынын урматына облус аймагындагы социалдык жактан муктаждыгы бар 18 жаранга акысыз кароо жүргүзүлдү. Магниттик резонанстык томография Бишкек шаарындагы КОРТЕКС неврология борборунун филиалы болуп эсептелет», — деди Баткен облустук үй -бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Абдулаким Абдуллаев.