17:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Басма сөз кызматы: Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке мамилеси бар

«Сооронбай Шарипович жана Алмазбек Шаршенович эски партиялаштар жана алардын жеке мамилеси бар». Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Стамалиева КСДПнын Атамбаев менен Жээнбековду жолуктуруу маселеси боюнча комменттарий берип жатып, мыйзамга ылайык мамлекет башчы партиядан тышкары иш алып бара турганын эске салды.


«Учурда мамлекет башчы тышкы жана ички саясат боюнча иш алып барууда. Алдына абдан көп иш чаралар бар», -деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду жолуктуруу маселесин көтөрүп чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар