09:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Атамбаев Текебаевдин адвокатынын мүлкү боюнча доо-арызын чакыртып алган жок

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын мүлкү боюнча доо-арызын чакыртып алган жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Атамбаевдин жеке өкүлү Нурбек Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, Таалайгүл Токтакунованын мүлкүн тескөө боюнча соттук отурум өтмөк, бирок жоопкер келген эмес.

«Ал экинчи жолу келген жок. Кийинки отурум 16-майда болот. Эгер үчүнчү жолу келбесе, отурум анын катышуусу жок өтүшү мүмкүн», — деди Нурбек Сыдыков.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 4-октябрында Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча Башкы прокуратуранын доо-арызын канааттандырган. Доогер маалымат жыйыны учурунда Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз тарабынан чындыкка дал келбеген маалыматтардын айтылганын эске алууну суранган. Сот арызды канааттандырып, жоопкер тарапка 10 миллион сом айып салган. Ошондой эле Таалайгүл Токтакунованын мүлкү камакка алынган.

2017-жылдын 30- ноябрында Жогорку сот төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Эң көп окулган жаңылыктар