19:42
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Лейлекте Кыргызстан менен Тажикстан жарандары достук майрамын өткөрүштү

Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстан менен Тажикстан жарандары достук майрамын өткөрүштү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар «24.kg» агенттигине маалымдашты.

Алардын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Кулунду айыл аймагына Тажикстан Ходжент шаарынын расмий өкүлдөрү келишип, ортодо майрамдык салтанат уюштурулду. Анын алкагында Балдардын эл аралык музыкалык фестивалы өттү.

«Тажикстан тарап чек арадан бери керней-сурнайлары менен келишти. Аларды Кулундунун борборунда Кыргызстан тараптын парады тосуп алды. Салтанат ыр-бий, достукту бекемдөө сөздөрү менен улантылды» — дейт жергиликтүү тургундар.

Эң көп окулган жаңылыктар