15:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Апрелде мамлекеттик карызды тейлөөгө 2,5 миллиард сом сарпталды

2018-жылдын апрелинде республикалык бюджеттен мекемелерге 11 миллиард 390 миллион 458,4 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу Финанасы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 миллиард 722 миллион 814,4 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 677 миллион 625,8 миң сом бөлүндү.

«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 628 миллион 692,6 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2 миллиард 529 миллион 734,2 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Эң көп окулган жаңылыктар