14:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Илим Карыпбеков анын дарегине айтылган имиштерди төгүндөдү

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков жетекчилик ишин улантат. Бул тууралуу Ал өзүнүн Facеbook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазып чыкты.

«Достор, бул «Чындык» сайты калпты чындыктай кылып жогорку деңгээлде жазган сайт экен. Эч жакка кетпей эле отурам. Жанар иним, Нурлан байкем жана Галина эжеке дагы бир аз чыдай туруусун суранам. Бул макалада бир эле чындык бар экен. Бир саат мурда жумушумдан үйгө кеткеним. Азыр чай ичип, палоо жеп аттым эле, уруксаат этсеңиздер», — деген билдирүү калтырган Карыпбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган сайт КТРКнын башкы директору ээлеген кызматынан кеткенин анын ордуна жогорудагы аты аталган адамдардын бири келээрин жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби