05:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда жаран поездин алдында калды

Кыргызстанда жаран поездин алдында калды, анын өздүгү тактала элек. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрель күнү болжол менен саат 06:05 чамасында 35-40 жаштагы азият улутундагы эркек кишини «Сокулук-Шопоков» багытындагы бара жаткан тепловоз сүзүп кеткен.

Жаран темир жол тилкесине чыга калган. Анын кесепетинен белгисиз адам окуя болгон жерде каза болгон. Темир жол транспортунун ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшүп, окуянын чоо-жайын аныкташууда.

Азыркы учурда маркумдун өздүгүн тактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Маркумдун бою 170-175 см, орто, чымыр денелүү, сакалы жана муруту бар, мурду кырдач. Үстүнө кара түстөгү куртка, ачык көк түстөгү спорттук кийим, спорттук кара шым, кара түстөгү байпак кийип алган.

ИИМ эгерде жарандар жогоруда аталган маркум тууралуу кандайдыр-бир маалымат биле турган болсо, төмөнкү номурлар аркылуу байланышып коюну суранат: 312 35-12-70, 0700 82-05-05, 0555 82-05-05.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума