09:51
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Жаңы өкмөт башчы саламаттыкты сактоо тармагын бизнес менен иштешүүгө чакырды

Жаңы өкмөт башчы саламаттыкты сактоо тармагына реформаланууну колго алат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен өткөргөн жумуш кеңешмеси учурунда билдирди.

Өкмөт башчы министрге маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылган татаал тармак туш келгендигин белгиледи.

«Сиздин ишиңиздеги алдыңкы милдеттенмелердин бири катары мамлекет жана эл үчүн ак ниет, ачык-айкын иш алып бара турган мыкты адистерден куралган күчтүү команданы уюштуруу эсептелет. Жалпыбызга белгилүү болгондой, дени сак улут гана өнүгүүгө бет алып, күчтүү мамлекетти кура алат. Саламаттык сактоо тармагынын учурдагы абалы бардык деңгээлдеги маанилүү өзгөртүүлөрдү талап кылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал саламаттык сактоо тутумундагы аутсорсинг маселесин карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

«Акыркы мезгилдеги тажрыйба көрсөткөндөй, саламаттык сактоо тутумундагы медициналык адистердин гана эмес, ошондой эле заманбап башкаруучу кадрлардын да жетишсиздиги орун алууда. Бардыгы эскиче нукта иш алып барып, өзгөрүүлөрдү каалабайт. Көбүн эсе калктын бийликке карата ишеними медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапаты менен аныкталат. Андыктан, медицина тармагы мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, премьер-министр Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди дайындоодо ага тармакты реформалоого алты ай убакыт берилерин айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар