«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Исламда музыка угуу болбойт деп угуп калам. Арам деп тыюу салгандар да бар экен.
Жооп: Куранда, же Хадисте түзмө түс арам деп айтылган эмес. Бирок, бир жолу пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи салам сахабалары менен базардан өтүп бара жатып, музыка угулганда кулагын жаап, сахабаларына — «музыка угулбай калганда айтып койгула», деп буйругандыгы жөнүндө айтылат.
Ал сахабаларына: «силер кулагыңарды жапкыла», — деп буйруйт. Андыктан, аалымдар музыканы мааниси карата угуу зарылдыгын айтышат.