19:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Токтогул районунун тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп каза болду

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24- апрелде болжол менен саат 13:05 чамасында Чоң-Арык айылынын 1976-жылы туулган М. К. аттуу тургуну Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.

Аны куткаруу үчүн № 97- куткаруу отряды тартылып, бирок жарандын жанын сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Суудан алып чыккан жансыз денени куткаруучулар милиция кызматына өткөрүп беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар