Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Механикалык көчмө колоннасынын башчысы И.Ю. тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине үч миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акча кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана колдонууга берилген мүлктү максатсыз колдонуу фактылары боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын оңуна чечип берүү үчүн сунушталган.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.