02:21
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Чукул кабар. 25-26-апрелде аба-ырайы бузулат

25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар жаашы ыктымал.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10...15°, тоо этектеринде 8...13° жылуу болот.

26-апрелде жаан болот. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8...13°, тоолуу райондордо 2...7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0...-5°га төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар