22:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Дарак ыры» Москвада өткөн эл аралык фестивалда сенсациялуу тасма деп табылды

«Дарак ыры» фильми Москвада өткөн эл аралык фестивалда сенсациялуу тасма деп табылды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» билдирди.

Фильм 21- апрелде көрсөтүлгөн. Ага эл аралык сынчылар, режиссёрлор, продюсерлер, сценаристтер жана журналисттер күбө болушкан. Фестивалдын программалык директору Кирил Разлогов тасма менен өзү тааныштырып, башынан аягына чейин көргөн.

«Дарак ыры» көрүүчүлөр, ошол эле сынчылар тарабынан жакшы кабыл алынган. Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң көптөр чыгармачыл топтун жанына келип ыраазычылыктарын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума