«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Даарат алуудан мурда тырмактын боегун сөзсүз өчүрүү керекпи?
Жооп: Ооба, анткени даарат дененин ар бир бөлүгүнө жетиши керек. Боек буга жолтоо болот. Бир гана тырмактын оорусуна байланыштуу дарылоочу боек койгон болсоңуз гана кечиримдүү.