Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу «Имзо» заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.
Кыргыз-өзбек кызматташуусунун алкагында жалпы 9 ишкана ачылат. Алардын төртөө Ош шаарында жайгашат.
Белгилей кетсек, «Имзо» заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган заводдун филиалы 70ге жакын шаардыктарды жумуш орун менен камсыз кылды. Учурда айына 2 миң кв.м пластикалык терезелерди чыгарууда, бирок заводдун 9 миң кв.м өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.