Жогорку Кеңештин үч фракциясы өкмөттүн отчетун жактырган жок. Бул тууралуу чечим кечээ кабыл алынды.
«Республика-Ата Журт», «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчетун чогуу карап чыгышты.
Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен депутаттар экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жыйынтыкты алгылыктуу эмес деп чечим чыгарышты.
Коалициялык азчылык фракциялары «Кумтөр» боюнча 2017-жылдын сентябрь айында түзүлгөн келишимди текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү да сунушташты.
Буга чейин КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары өкмөттүн отчетун колдошкон. Отчет эми «Бир Бол» фракциясында жана палатада каралат.