11:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кумтөр. Сүйлөшүү эволюциясы

Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бере турган ири долбоор боюнча келишимге жетишүү үчүн 15 жыл өттү. Буга чейинки өкмөттүн, парламенттин, атүгүл президенттин колунан келбеген ишти Сапар Исаковдун өкмөтү ишке ашырды.

 Кызыкчылыктардын өзгөрүүсү жана алкымдын чоңоюшу

 Бугч чейин кимдир бирөө »Кумтөрдү” жеке кызыкчылыгынын булагы катары пайдаланса, дагы башкасы саясий упай топтоо үчүн пайдаланып келди. Ал эми үчүнчү жак чечимдин кабыл алынышын колдон келишинче создуктурду. Бул жоопкерчиликти өзүнө алуудан корккондукпу же кайсыл тарабынан баштоону билбегендикпи,айтор айтуу кыйын.

 Алтын казуучу мекеменин иши көп жылдар чыр-чатак менен коштолду. Кумтөр боюнча 2003-жылы «Камеко» менен түзүлгөн келишим жаңылыш болгондугу айтылып келди. Ошол келешиндин негизинде Кыргызстан »Кумтөрдөгү” өзүнүн алгачкы 67 пайыз үлүшү 33 пайызга төмөндөгөн. Жарым жылдан кийин Кыргызстандын өнөктөшү 7,5 миллион акциясын стакан. Өлкөнүн бюджети 86 миллион долларга толукталганы айтылып, бирок долбоордогу үлүшү 16 пайыздан гана бир аз ашкан. Аталган маселе 2009-жылы кайра көтөрүлүп, 2009-жылы »Кумтөр” макулдашуусу кайра каралып, өкмөт үлүштү 33 пайызга көтөргөн. Келишимдердин негизинде өлкөнүн үлүшү 32,74 пайызга чейин өскөн. Акыры кыргыз тарап «Центерра» ишканасынын баалуу кагаздарынын эң ири пакетинин ээси болуп калган.

 Кандай гана сунуштар түшкөн жок

 Чубактын кунундай чубалган Кумтөр маселеси 2012-жылы кайра көтөрүлүп, талаш-тартыш беш жылга созулду. Ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдмевдин 50-50 пайыз киреше менен биргелешкен ишкана түзүү сунушу парламенттин колдоосун тапкан жок. Ал арада Кумтөрдө митинг уюштурулуп, жергиликтүү соттор мамлекеттик органдардын арызын канааттандырды. Ал эми экологдор өлкө экологиясына эбегейсиз зыян келип жатканын айтып жатышты.

 Акыркы макулдашуудан эмне алдык жана кимге тоскоолдук жаратууда

 Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылдын күз айларында Centerra Gold компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык жаңы келишимге кол койду. Стратегиялык келишим узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашкан. Ага ылайык, "Кумтөрдү" иштетүүдө экологиялык абалга өзгөчө көңүл бурулат. Келишимде көрсөтүлгөндөй Centerra Gold Inc. айлана-чөйрөнү, өзгөчө Ысык-Көл акваториясын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн мойнуна жаңы милдеттенмелерди алды.

 Түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондусуна 50 миллион доллар салынат. Муну менен катар жыл сайын экология үчүн төлөнчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин өсөт.

 "АМЕС" эл аралык экологиялык компаниясынын сунушу менен кендин өзүндө дагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өтө турган иш-чараларды каржылоо көбөйө турганы белгиленген.

 Ошондой эле "Кумтөр" долбоорун рекультивациялоо боюнча фонддун түзүлүшүнүн механизми так аныкталган. Тагыраагы, калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин компания жыл сайын 6 миллион доллар которуп турат. Бул каражаттын көлөмү 69 миллион доллардан кем болбойт.

 Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор Бишкектеги онкологиялык борборду техникалык модернизациялоодон өткөрүүгө 10 миллион доллар бөлмөй болду. Өкмөт 8-10 жылдан кийин "Кумтөр" кени жабыла турганын айтып, бирок анын узак иштешине аракет кылышыбыз керек, - деген пикирин билдирген. Анткени бюджеттин негизги Кумтөрдөн түшкөн каражаттан турат. Андан тышкары беш миңге жакын жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар