00:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Шри-Ланка, Белорусь жана дагы 8 өлкөнүн ишкерлери Бишкекке учуп келишет

17-апрелде «Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгы» конгресстик-көргөзмө форумунун ири ачылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Аталган конгресстик-көргөзмө форуму бирдиктүү аянтчага дароо беш эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү бириктирет.

Тамак-аш азыктарынын жана суусундуктардын II эл аралык адистештирилген көргөзмөсү «FoodExpo Kyrgyzstan 2018»;

Тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдыктардын II эл аралык адистештирилген көргөзмөсү «FoodTechExpo 2018»;

Коомдук тамактануу ишканаларын жабдуу үчүн жабдыктардын, товарлардын жана кызматтардын 2-эл аралык адистештирилген көргөзмөсү «HorecaExpo 2018»;

Таңгактама азыктарды өндүрүү боюнча II эл аралык адистештирилген көргөзмөсү «UpackExpo Kyrgyzstan 2018»;

Халал-индустриясынын II адистештирилген көргөзмөсү «HalalFoodExpo 2018».

«Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгынын» ачылыш аземине өкмөт өкүлдөрү, профилдик министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, экспозицияга катышуучу-өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ири тармактык ишканаларынын жана бизнес-түзүмдөрүнүн топ-менеджменти катышат.

Андан тышкары Белоруссиядан, Индонезиядан, Италиядан, Ирандан, Казахстандан, Кыргызстандан, Россиядан, Түркиядан, Өзбекстандан жана Шри-Ланкадан 40тан ашык компания катышат. Алар тамак-аш өнөр жай жана экологиялык жактан таза тамак-аш азыктарын өндүрүү чөйрөсүндө жаңы иштелмелерди көрсөтүүгө даяр.

Экспоненттердин географиясын кыргызстандык компаниялардын катышуусу толуктайт, алар ири завод-өндүрүштөрдүн расмий өкүлдөрү болуп саналышат. Форумдун бөтөнчөлүүлүгү — ата мекендик катышуучу-компаниялар чет өлкөлүк кесиптештери менен тажрыйба алмашуу жана мүмкүн болуучу өнөктөштөр жана керектөөчүлөр менен байланышты жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгы» эл аралык конгресстик-көргөзмө форумунун ишкердик программасы семинарларды, мастер-класстарды, жаӊы технологиялардын жабдыктардын бетачарын өткөрүүнү өзүнө камтыйт. «Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгы» — бул катышуучулар үчүн өз азыктарын көрсөтүүсүнүн, мүмкүн болуучу өнөктөштөр менен таанышуунун, өз товарларынын жана кызматтарынын бетачарын жасоонун, пайдалуу келишимдерге кол коюунун эӊ сонун аянты болуп саналат" , — дейт уюштуруучулар.

«Кыргыз Республикасындагы тамак-аш индустриясынын жумалыгы» эл аралык көргөзмөсүнүн уюштуруучусу — BiExpo көргөзмө компаниясы болуп саналат.

Расмий ачылыш аземи 2018-жылдын 17-апрелинде саат 11:00дө, И.Ахунбаева көчөсү, № 97 дареги боюнча КМДТжС окуу жайынын манеждик имаратында болот.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрылыӊыздар: +996 770 97 66 66

«24.kg» агенттиги иш чаранын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума