Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев № 47-абактын ооруканасында дарыланат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саясатчынын ден-соолугуна байланыштуу дарыгерлер жыйынга чогулуп, ал дарыланууга муктаж деген бүтүм чыгарышкан.
«Биз Текебаевди текшерген дарыгерлерден медициналык корутунду алдык. Андан тышкары кошумча дагы текшерүүдөн өткөрүүгө аракет кылабыз», — деди ЖАМКнын өкүлдөрү.
Эскерте кетсек, кечээ Өүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөн. Буга чейин анын адвокаттары саясатчы дарыланууга муктаж экенин айтып келишкен. Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси боюнча 2017-жылдын 16-августунда 8 жылга эркинен ажыратылган.