18:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сапар Исаков Тогуз-Торонун акимин кызматтан алды

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматтан алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Кечээ парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Тилек Идирисов ахыбалды көзөмөлдөп, алдын-ала албагандыгы айткан.

Эскерте кетсек, Тогуз-Тороонун тургундары «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине буга чейин дагы бир нече жолу каршылык акциясына чыгышкан. Алар алтын иштетүүчү ишкананы ишин токтотуу талабын коюшат. Кечээ ишкананын курулуп жаткан имараты өрттөлдү жана бир нече милиция жабыркады.

Тилек Идирисов 2012-жылдан бери районду жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар