13:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

53 айылды таза суу менен камсыз кылууга Дүйнөлүк банк каражат бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өкмөт менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 миллион 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 миллион 900 миӊ доллары гранттык каражат. Ал эми 14 миллион 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

Өкмөт «Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорун 7 миллион 200 миӊ доллар көлөмүндө кошумча каржылоого тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген. Өкмөт эл аралык уюмдардын жардамы менен ушул багытта аракет жасайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби