USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

«Ак-Ордодо» сөөгү табылган кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

17:48, 30 марта 2018, Бишкек - 24.kg

«Ак-Ордодо» мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын иши боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыздын өздүгү такталып, ал Н.А. аттуу 26 жаштагы Таластын тургуну экени аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.Б. аттуу Бишкектин тургунун кармаган.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда окуя декабрдын башында катталган. Алар чатакташып кетип, бала кызды өлтүрүп алган. Изин жашыруу максатында жансын денени «Ак-Ордо» жаңы конушуна алып барып, таш менен корумдап койгон.

Эскерте кетсек, өздүгү белгисиз, азиат улутундагы кыздын жансыз денеси 24- мартта, саат 14:30 чамасында Ак-Ордо жаңы конушунун 206 участкасында табылган. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика