21:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкмөт «Центеррга» карата берген арызын кайра кайтарып алабы?

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жамангулов «Центерра Голд» компаниясына коюлган доо арыз кайтарылып алынганы жатат деген сөздөр боюнча өкмөттөн маалымат талап кылды.

Эл өкүлү компанияга болгон доо кайра артка кайтарылып алынганы жатканы боюнча сөздөр жүрүп жаткандыктан, өкмөттөн расмий билдирүүнү талап кылаарын айтты.

««Кумтөр» кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясы экологияга кандай зыяндарды келтирип жатканы баарыбызга белгилүү. Өкмөт аталган компанияга карата экологияны бузгандыгы үчүн 169 миллион долларга доо арыз бергенде кубанган элек. Учурда арызды кайра чакыртып алат экен, деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу тиешелүү органдар маалымат берсин», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума