03:25
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Сүймөнкул Чокморовдун окшошпой калган эстелиги алынат

Бишкек шаарынын Чүй-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги алынып салынып, башка орнотулат. Бул тууралуу «Сүймөнкул Чокморов» атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахмановго шилтеп govori.tv жазды.

Сагынбек Абдрахманов буга чейин Чокморовго коюлган эстелик ага окшошпой калганы үчүн артисттин туугандарынан жана кыргыз элинен кечирим сураган. Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин скульптор Алмаз Кожогулов жасаган. Аны ачуу аземине премьер-министр Сапар Исаков катышкан.

Алмаз Кожогулов жасаган эстелиги үчүн акчасын толук ала албай келе жатканын айтып келет. Ал эми фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов эстелик окшошпой калганын, бирок ага карабастан эстеликке кеткен чыгымдын эсеп-кысабын көрсөтсө акчаны төлөп берүүгө даяр экенин билдирди.

Сагынбек Абдрахмановдун айтуусунда эстеликти алып салуу үчүн Бишкек мэри Албек Ибраимов менен кеңешүү жана анын ордуна эстелик коюу маселесин чечүү гана калды.

"Угушума караганда мэр Албек Ибраимовдун дагы эстелик окшошпой калды деп нааразычылыгы бар экен. Эстелик эч кимге жаккан жок. Эми анын ордуна башка эстелик жасоо тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бекер жасап берем деген скульпторлор да чыгууда«,—деп билдирди Сагынбек Абдрахманов.

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги 2017-жылы 9-ноябрда ачылган. Эстеликтин ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек мэри Албек Ибраимов катышкан. «Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй» деген Чокморовдун эстелиги өзүнө окшошпой калганы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар