Москва шаарынын мэри С. Собянин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин 2019-жылдын аягына чейин орнотуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.
Эскерте кетсек, жазуучунун эстелигин орнотуу эки өлкө ортосунда макулдашылган. Ал Москванын түштүк тарабындагы Айтматов атындагы сейил бакка коюлат.
Айкелди жасоого маданият, маалымат жана туризм министрлиги 28 миллион сом сарптайт.