18:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Небересин сатууга аракет кылган тайэне үй камагына чыгарылды

Небересин сатууга аракет кылган тайэне үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аял баланы туугандарына бактырабыз деп, кызын алдап небересин андан алып кеткен. Ымыркайдын 22 жаштагы энеси А. М. баладан баш тарткан эмес.

«Баланын энеси жалгыз бой, турмуштары дагы өтө начар экен. Ал баланы сатууну эч ким каалабаганын айтууда», — деп маалымдашты ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар