12:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Фермерлерге 185 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди

Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 15-мартына карата коммерциялык банктар тарабынан республиканын 533 субъектине жалпы суммасы 185,31 млн сомду түзгөн жеңилдетилген насыялар берилди.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 92 — токтому менен "Айыл чарбаны каржылоо —6"долбоору бекитилген.

Токтомго ылайык Каржы министрлиги менен республиканын 11 коммерциялык банкынын ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 5 млрд 816 млн сомго макулдашуулар түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар