07:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

20 аялга Меккеге жалгыз зыяратка барууга уруксат берилди

Муфтият быйыл аялдар үчүн ажылык шарттарын өзгөрттү. Жесир, жалгыз бой жана балдары жок 20дай аялга зыяратка махрамы жок, жалгыз барууга уруксат берилди. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине Мусулмандар дин башкармалыгынан ырасташты.

Алардын айтымында, өзгөрүү быйылкы ажылыкка гана байланыштуу.

«Бизге жылына аялдар ажылыкка барууга махрамы жоктугун айтып кайрылышат. Быйыл андай кайрылуулардын саны көп болгондуктан, Аалымдар кеңещине кайрылып, уруксат алдык. 20 аялдын баарынын тең жаш курагы 55тен ашкан» — дейт муфтияттын бөлүм башчысы Жолдошбек Абдылдаев.

Эскерте кетсек, быйыл зыяратка 5485 киши барат. Ажылык баасы 2 миң 890 доллар деп бекитилди.

Эң көп окулган жаңылыктар