02:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат кар көчкү көп түшкөн аймактарга галерея курууну сунуштады

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Бакиров Ош-Бишкек жолунун кар көчкү көп түшкөн аймактарына галерея курууну сунуштады.

Эл өкүлү Ош-Бишкек жолундагы Көчкү-Булак аймагына түшкөн көчкү жыл сайын кайталанып келе жатканына токтолду.

«Канча жылдан бери көчкү түшүп келе жаткан аймактарды так аныктап, жүргүнчүлөрдүн убактысы менен убаракерчилигин эске алып, Ош-Бишкек жолундагы кар көчкү түшкөн аймактарга галерея куруу керек. Керек болсо кыска убакыттын ичинде галерея куруу боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу зарыл», — деди депутат.

Эскерте кетсек, 13- мартта, болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек — Ош жолуна 2,5 миллион кубометр кар көчкү түшүп, жол үч күнгө жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар